“Энелер күнүнүн” алкагында шаардын баардык райондорунда иш-чаралар өткөрүлүүдө
- Подробности
- Опубликовано 17.05.2013 17:11
Свердлов райондук администрациясы 74 баатыр-энелерди “Энелер күнү” менен куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Октябрь райондук администрациясы 35 баатыр-энелерди куттуктап, материалдык жардамдарды жана баалуу белектер мене сыйлады.
Биринчи Май районунда 21-майда саат 11-00до жети жана андан көп балалуу “Баатыр-Эне” жана алты балалуу “Эне Даңкы” ордендери менен сыйланган энелерди сыйлоо аземи өткөрүлөт.
Ленин районунда 20-майда саат 11-00до энелер күнү белгиленет. Иш-чарага 62 көп балалуу энелер чакырылды, алардын ичинен 32 эне “Баатыр-Эне” жана “Эне Даңкы” ордендери менен сыйланган. Чакырылгандарга сыйлыктар тапшырылып, концерттик программа уюштурулат.
Мындан тышкары, баардык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Энелер күнү” белгиленип, концерттик программалар уюштурулат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |