ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси шаардык мектептердин кыргыз жана орус тили мугалимдерине электрондук китептерди тапшырышты

Бүгүн, КРСУнун чоң залында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Андрей Крутько шаардык мектептердин кыргыз жана орус тили мугалимдерине электрондук китептерди тапшырышты.
 
Бул китептер шаар башчысы И.Өмүркуловдун жана КРСУнун эл аралык журналистика кафедрасынын башчысы А.Кацевдин демилгеси боюнча иштелип чыккан.
 
Өз сөзүндө И.Өмүркулов, балдардын билимдүү болушу үчүн баардык аракеттер жумшалып жаткандыгын белгиледи:  “Балдар негизги билимди мектептен алышат жана алган билимдери келечектеринин пайдубалын түзөт. Аларды окутуу процессинде мугалим менен китептин орду өтө маанилүү”,- деди шаар башчысы.
 
“Бүгүнкү тапшырылган китептер окуучуларды билим алууга кызыктыруу үчүн мугалимдерге жакшы өбөлгөлөрдү түзүп берет. Балдардын фальклор, дүйнөлүк классика, кыргыз жана орус адабияттары жөнүндө түшүнүктөрүнүн болушу баарыбызды кубандырат. Балдар үчүн кам көрүү – негизги максаттарыбыздын бири”,- деп кошумчалады И.Өмүркулов.
 
Сөзүнүн аягында шаар башчысы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана КРСУнун эл аралык журналистика кафедрасына ыраазычылык билдирди.
 
КРСУнун ректору В.Нифадьев,  окутуунун жолдорун өнүктүрүү багытында, шаардык мектептер менен университеттин кызматташуусун сунуш кылды.
Электрондук китептерди тапшыруу аземинде,  А.Кацев мугалимдерди китептерди пайдалануу өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.
 

Кошумча маалымат: Тапшырылган электрондук китептерге: Кыргызстан элдеринин фальклорунун сөздүгү, кыргыз адабиятынын хрестоматиясы, орус адабияты жана кыргыз тилиндеги соңку жаңы орус адабияты кирет.