ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада мектеп окуучуларынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинен 16-майына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы  менен биргеликте, мектеп окуучуларынын катышуусунда, жол кырсыктарынын алдын алуу, бул көйгөйгө айдоочулардын жана коомчулуктун көңүлүн буруу максатында иш-чараларды өткөрдү.
 
Иш-чаранын алкагында райондук кароо-сынактарда I,II орундарга ээ болгон командалардын катышуусунда шаардык кароо-сынак өткөрүлдү. Алар: №№ 26, 39, 67, 68, 33, 35, 6-орто мектептеринин жана №1-мектеп-интернатынын командалары болду. Кароо-сынактын жыйынтыгында:
1-орунга - № 67, 2-орунга - № 68, үчүнчү орунга № 26-орто мектептин командалары жетишти жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
 
Мындан тышкары, “Россия” кинотеатрынан “Сейтек” борборуна чейин жол кыймылынын жаш инспекторлорунун салтанаттуу жүрүшү өткөрүлдү. Иш-чарага шаардын 24 мектептеринен 250дөн ашуун адам катышты.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө жол кырсыктарынын статистикасы жарыяланып, жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча чакырыктар берилип турду. Ошондой эле, Бишкек шаардык ИИББнын жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тарабынан “Ачык эшиктер” күнү уюштурулду.