ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Билим фестивалы өткөн күндөрү шаардын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

Баш калаада 18-19-май күндөрү алгачкы жолу Билим фестивалы өткөрүлөт.
 
Фестиваль бир эле мезгилде шаардын бир нече жеринде – “Ала-Тоо” аянтында, Мамлекеттик тарых музейинин алдында, Кыргыз жана орус драм театрларынын алдында, балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” чыгармачылык борборунда өткөрүлөт.
 
Фестивальдын жүрүшүнө байланыштуу 18-19-май күндөрү, Чүй проспекти боюнча Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин, Эски аянтта Абдымомунов көчөсү боюнча Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жол кыймылы жабылат.
 
Фестивальдын алкагында көргөзмөлөр, кароо-сынактар, викториналар, концерттер уюштурулуп, айылдык балдар бакчалары үчүн китеп, оюнчуктарды жыйноо акциясы өткөрүлөт.
 
Фестивалга 50 миңге жакын адамдын катышуусу белгиленүүдө. Балдар  жазуучулар, эстрада жылдыздары, белгилүү спортчулар, коомдук ишмерлер менен жолугушуп, алардын ырларын, жомокторун жана аңгемелерин угушат.
 
Фестивалдын уюштуруучусу – “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду.