ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында шаардык №1-музыкалык мектеп 50 жылдык мааракесин белгилейт

Бүгүн, 16-майда саат 15-00до  К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында  шаардык №1-музыкалык мектептин 50 жылдык мааракесине арналган концерт өткөрүлөт.
 
№1- балдардын музыкалык мектебинде: фортепиано, кыл аспаптар, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспаптары, үйлөмө аспаптар, хореографиялык жана вокалдык бөлүмдөр иштейт.
 
Мектепте – комузчулар ансамбли, фольклордук ансамбль, кенже жана жогорку жаштагы балдардын скрипкачылар ансамбли, орус эл аспаптар оркестри, кенже жана жогорку жаштагы балдардын хор жамааттары түзүлгөн.
 
Уюштуруучулардын айтымында, музыкалык мектептин педагогдорунун негизги максаты – ар бир баланын талантын өстүрүүгө, чыгармачылыгын  өнүктүрүүгө шарттарды түзүү.
 
№1- балдардын музыкалык мектебинин окуучулары көп жылдардан бери шаардык, республикалык фестиваль, конкурстарда ийгиликтерге жетишип келишкен. Алардын көпчүлүгү лауреат, дипломанттар болушкан.
 
Кошумча маалымат: №1-балдардын музыкалык мектеби 1963-жылдын 1-сентябрында ачылган.
 
50 жыл аралыгында мектепте 1 000ден ашуун окуучулар окушту, алардын 300дөн ашууну музыкалык орто жана жогорку окуу жайларда билим алууну улантышкан жана бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда гана иштебестен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө иштешет.