ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Кыргызстандагы ТИКАнын координатору Хакан Эргюн мырза менен жолугушту

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Кыргызстандагы ТИКАнын координатору Хакан Эргюн мырза менен жолугушту.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Алар: нан заводунун курулушу, “Тазалык” муниципалдык ишканасына техникаларды бөлүү, медициналык жабдууларды бөлүү жана Анкара көчөсүндөгү жолду оңдоо.
 
Нан заводунун курулушун жакын арада баштоо белгиленди. Жумушчуларды окутуу, заводду жабдуулар менен камсыздоо гранттык каражаттардын негизинде жүргүзүлмөкчү.
 
Мындан тышкары, аялдардын көкүрөк бездериндеги рак оорусун аныктоочу медициналык жабдууларды бөлүштүрүү маселеси талкууланды жана тендерди түркия тарап өткөрмөкчү. Ошондой эле №2-төрөт үйүнө медициналык жабдууларды бөлүштүрүү жана Бишкек шаарында жаңы оорукана куруу маселеси каралды.