ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 18-19-майда билим фестивалы өтөт

Фестивалдын негизги максаты – мектепке чейинки билим берүү, мектепте жана кесиптик-техникалык билим берүү маселелерине  коомчулуктун, ата-энелердин жана окуучулардын көңүлүн буруу. Иш-чара бир эле убакта “Ала-Тоо” аянтында, Мамлекеттик тарых музейинин, кыргыз жана орус драм театрларынын, Улуттук  “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун жанында өтөт. Көргөзмөлөр, кароо-сынактар, викториналар, концерттер уюштурулуп, айылдык балдар бакчалары үчүн китеп, оюнчуктарды жыйноо акциясы өткөрүлөт.
 
Фестивалга 50 миңге жакын адамдын катышуусу белгиленүүдө. Балдар  жазуучулар, эстрада жылдыздары, белгилүү спортчулар, коомдук ишмерлер менен жолугушуп, алардын ырларын, жомокторун жана аңгемелерин угушат.
 
Фестивалдын уюштуруучусу – “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду.