Баш калаада шаардык “Бишкек жазы – 2013” фестивалынын II туру өтүүдө
- Подробности
- Опубликовано 15.05.2013 12:55
Үстүбүздөгү жылдын 14-майынан 16-майына чейин “Иштерман” жылынын алкагында “Бишкек жазы – 2013” студенттердин ХI чыгармачылык фестивалынын II туру өткөрүлөт.
Фестиваль студенттер арасында таланттарды тандоо, алардын чыгармачылыгын өстүрүүгө колдоо көрсөтүү жана Кыргызстан жаштарынын көркөм жана интеллектуалдык деңгээлдерин жогорулатуу максатын көздөйт.
Фестивалда музыка, хореография, театр, адабият, фальклор, эстрада искусствосунун жанрынын баардык түрлөрү көрсөтүлөт.
Бул жылы фестивалга Бишкек шаарынын 3 атайын орто жана 16 жогорку окуу жайлары катышууда. Калыстар тобунун курамына республиканын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери кирди.
Фестивалдын гала-концерти 23-майда саат 14-00до Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт жана лауреаттар менен дипломанттарга баалуу сыйлыктар тапшырылат
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |