ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

17-майда Бишкек шаарынын мэринин Кубогунун спартакиадасы башталат

 

Октябрь райондук администрациясы №20-окуу-тарбия комплексинде Жарандык коргонуу күнүн өткөрдү.
Иш-чарага окуу жайдын педагогикалык жамааты, шаардык мектептердин жамааттары, Бишкек шаарынын коргоо кызматы, райондук жарандык коргоо кызматы (медициналык, өрт өчүрүү, коомдук тартипти сактоо кызматтары) катышты.
Байкоочу катары ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы полковник У.Шамырканов, орун басары полковник Ж.Жайлообаев жана райондук билим берүү борборунун кызматкерлери катышты. Алар иш-чарага өздөрүнүн бааларын беришип, уюштуруу маселелериндеги артыкчылыктар менен кемчиликтерди белгилешти.
Иш-чаранын негизги максаты - педагогикалык жамаатты жана мектеп окуучуларын ар кандай өзгөчө кырдаалдарда өздөрүн алып жүрүүгө, жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүүгө үйрөтүү, жаратылыштык жана техникалык мүнөздөгү кырсыктар болгондо коргонуу жолдорун иш жүзүндө көрсөтүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө өрт чыккан учурларда окуучуларды эвакуациялоо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин, өрттүн очокторун жоюу, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча аракеттер иштелди.
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурларда баардык кызматтардын биргелешкен аракеттери боюнча маселелер каралды.
Райондун жарандык коргонуу кызматтары тарабынан өзгөчө кырдаалдын шарттуу обьектисин курчоо, шарттуу түрдө чыккан өрттү өчүрүү жана экинчи кабаттан жапа чеккен адамды алып чыгуу, ошондой эле биринчи медициналык жардамдарды көрсөтүү көрсөтүлдү.
Жарандык коргонуу күнүндө мыкты дубал гезиттердин, сүрөттөрдүн, буклеттердин кароо-сынагы, тоскоолдуктар аркылуу эстафеталык жүгүрүүлөр, өрт өчүрүү жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мелдештер уюштурулду. Иш-чарага 1 000ге жакын адам катышты.
Конкурстун жана мелдештин жеңүүчүлөрүнө Октябрь райондук администрациясынын сыйлыктары тапшырылды.