ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуулар катталууда

Санитардык экологиялык инспекциянын кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактоо жана санитардык ченемдердин талаптарынын аткарылышы боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүшөт.
 
Октябрь районуна караштуу Горький жана Белорус көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан техникалык тейлөө станциясында (ТТС), Медеров көчөсүндө жайгашкан  (үй №44) “Салам” ААКнун аймагында ижарага иштетилген “Рек стиль” басмаканасында текшерүүлөр жүргүзүлдү. Аталган чарба субьектлеринде шаарды көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдердин талаптарын бузуулар орун алган. Таштандылар баш аламандыкта ташталып, антисанитардык жагдай түзүлгөн.
 

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Рек стиль” басмаканасынын директорунун атына протокол түзүлүп, тиешелүү чараларды көрүү максатында Октябрь райондук административдик комиссияга жөнөтүлдү.