ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Елебесов көчөсүндөгү оңдоодон өткөрүлгөн жолдун ачылыш аземи болду

 

Бүгүн, 14-майда “Дордой” базарына алып баруучу Елебесов көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери аяктап, жолдун ачылыш аземи өткөрүлдү. Оңдолгон жолдун узундугу 1 300 метрди, туурасы 8 метрди түзөт.
Жолдун ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышты. Шаар башчысы мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн алкагында мындай иш-чаралардын мааниси чоң экендигин белгиледи.
“Бизнес чөйрөсүнүн мамлекеттик чарбага колдоо көрсөтүшү эң жакшы жөрөлгө. Мындай жол менен көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө
болот жана бул саамалык биргелешкен аракеттердин үлгүсү болуусу керек”,- дейт шаар башчысы Иса Өмүркулов.
Ошону менен бирге шаар башчысы, баш калаанын турмушуна үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп келаткан, “Алкан базары” Жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Аталган жолду оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде башталып, 1-майында аяктады. Бир айлык мөөнөттүн ичинде жол чуңкурларын бүтөө иштери жүргүзүлүп, андан соң 6 см. калыңдыктагы жаңы асфальт төшөлдү.
“Алкан базары” ЖЧКдун өкүлдөрүнүн айтымында, аталган мекеме мындан ары да жолдордун абалын көзөмөлдөп турмакчы.
Аталган жолду оңдоо иштерин “Бишкек асфальт сервис” ишканасы жүргүздү.
Оңдоо иштерине 5 млн. 500 миң сом акча каражаты жумшалды.