ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) өкүлдөрү менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловбашкаруучу директор Томас Майер мырза жетектеген делегация менен жолугушту.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен долбоорлор талкууланды.
 
ЕБРРдин колдоосу менен Бишкек шаарында үч долбоор ишке ашырылмакчы, алар: суу менен камсыз кылуу, троллейбус паркын толуктоо жана таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча долбоорлор.
 
“Биздин биргелешкен иш-чаралар мындан ары да ушул деңгээлде жүргүзүлмөкчү. ЕБРР шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлордун үстүндө иштейт. Ал эми, келечектеги долбоорлор насыялардын жана гранттардын эсебинен каржыланат”,-дейт Томас Майер.
 
Жолугушууда ЕБРР өкүлдөрү “Башкарасуу” долбоорун аяктап, суу менен камсыз кылуу боюнча жаңы долбоорлорду ишке киргизүүнү сунуш кылышты. Андан тышкары, шаардык автотранспорт парктарын жаңы автобустар жана троллейбустар менен толуктоо сунушталды.  Шаарды тышкы жарыктандыруу маселеси да каралды.
 
“Бишкекте троллейбустарды көбөйтүү зарыл, анткени шаарда экологиялык көйгөйлөр жетиштүү. Ал эми, шаарды тышкы жарыктандыруу маселеси да курч, биз бул долбоорлордун ишке киришине кызыкдарбыз”,- деди шаар башчысы.