ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте медициналык айымдар кароо-сынагы өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында “Медициналык айымдар” күнүнө карата Октябрь райондук №6-үй-бүлөлүк медицина борборунда оорукананын медайымдарынын арасында кароо-сынак өткөрүлдү.

 

Калыстар тобуна: Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментинин директору А.Мурсалиев, саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоздук комитетинин төрагасы Н.Салиев жана Октябрь райондук администрациясынын өкүлү киришти.
 
Кароо-сынак 5 турда өткөрүлүп, катышуучулар өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин, жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Кароо-сынактын жеңүүчүсүнө саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоздук комитетинен Ысык-Көлдө эс алуу жолдомосу тапшырылды.
 
Бардык катышуучулар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Андан тышкары, кесиптик майрамга карата Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментинин жана №6-үй-бүлөлүк медицина борборунун Ардак Грамоталары тапшырылды.