ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада бак-дарактарды зыянкечтерден дарылоо иштери башталды.

Бишкек шаарындагы бак-дарактарды, жашыл массивди зыянкечтерден дарылоо иштери 10-майда саат 22-00до башталды.

 

Аталган иштер “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө. Дарылоону адистештирилген техникалык каражаттардын 11 бирдиги жүргүзүүдө.
 
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын окмуштууларынын көзөмөлүндө аткарылууда.
 
Өткөн түнү (11-майда  саат 6-00го чейин) шаар аймагында 164,4 га жердеги жашыл массив дарылоодон өткөрүлдү, анын ичинен:
 
Ленин району боюнча: Киев – Жаш Гвардия – Жибек Жолу – Манас көчөлөрүндөгү;
 
Октябрь району боюнча: Ахунбаев – Токтоналиев – Түштүк магистралы жана Жеңиш паркынын айланасындагы;
 
Биринчи Май району боюнча: Эркиндик бульвары – Жибек Жолу – Москва жана Москва – Логвиненко – Чүй прорспекти – Манас проспектиндеги;
 
Свердлов району боюнча: Абдрахманов – Жибек Жолу – Ибраимов – темир жол айланасындагы жашыл массив дарылоодон өткөрүлдү.
11-майдан 12-майга караган түнү төмөнкү жерлерде иштер улантылат:
 
Ленин районунда – Киев – Манас – Жаш Гвардия – Москва – Ала-Арча суусунун жээги – Бакаев – Гагарин көчөлөрүндөгү;
 
Октябрь районунда – Ата-Түрк паркындагы;
 
Биринчи Май районунда – Москва – Манас – темир жол жээги – Абдрахманов көчөлөрүндөгү;
 
Свердлов районунда – Чүй проспекти – Ибраимов – Аламүдүн суусунун жээги – темир жол жээги – Жибек-Жолу – Ибраимов – Сүйүмбаев көчөлөрүндөгү бак-дарактар дарылоодон өткөрүлөт.
 
Дарылоо иштерин үстүбүздөгү айдын аягында аяктоо белгиленүүдө.
 
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.