ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Д.Асанов атындагы “Жеңиш” паркында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган эскерүү-митинги өткөрүлдү

Бүгүн, 9-майда Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган эскерүү-митинги өткөрүлдү.

 

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаардык Кеңеши, Россиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Гильдия Мекендештер Ассоциациясы уюштурушту.
 
Эскерүү-митинги, 2006-жылы Улуу Ата-Мекендик Согуш жылдарында курман болгон жоокерлерге орнотулган эстеликке гүл коюу менен башталды.
 
Иш-чарага согуштун ардагерлери, согуш жылдарындагы тыл эмгекчилери, концлагер туткундары, Ленинград блокадачылары, шаар тургундары жана шаардык мектептердин окуучулары катышты.
 
Шаар башчысы Иса Өмүркулов согуш ардагерлерин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, бул тарыхий күндүн маанилүүлүгүн белгиледи.
 
“Экинчи Дүйнөлүк Согуш - адамзаттын тарыхындагы эң чоң трагедия, 20-кылымдын трагедиясы. Биз согуш ардагерлерининин эрдигин эч качан унутпашыбыз керек. Кан майданда курман болгондордун элеси түбөлүккө эсибизде, ал эми катарыбызда жашап жаткан ардагерлерибизге даңк!”,-деди шаар башчысы.
 
Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң, чакырылгандар аскер ашканасынан даам сызышты.
 
Ушундай эле эскерүү-митинги Ленин райондук администрациясы тарабынан уюштурулуп, Жаш Гвардия бульварында өткөрүлдү.