ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев шаар жолдорун куруу, оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышууну улантты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев Чапаев, Түштүк магистраль, Чортеков, Алыкулов көчөлөрүндөгү жол курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Чапаев көчөсүнүн узундугу 2,5 км., туурасы мурда 8 м. болсо, учурда  11,5 м. кеңейтилди.
 
Азыркы учурда Чапаев көчөсүндөгү жолго лотоктор, бордюрлар коюлду, асфальт төшөө үчүн даярдоо иштери жүрүп жатат. Иштерди толук аяктоо үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягына чейин белгиленүүдө.
 
Ошондой эле, жол жумуштары Түштүк магистраль көчөсү боюнча Бах көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Курулуш жүргүзүлүп жаткан жолдун узундугу 1,6 км. түзөт. Ошол эле көчө боюнча Чортеков көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин жол кыртышын реконструкциялоо жана асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул жол эки тараптуу жана төрт саптуу болот. Жолдун ар бир сабы 9 м. түзөт.
 

Шаар мэри И.Өмүркулов узундугу 1,4 км. түзгөн Алыкулов көчөсүндөгү жумуштарды эки айдын ичинде аяктоону белгиледи.