Новости района

Урматтуу Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана Биринчи май районунун тургундары!!!

          Сиздерди улуу жана ыйык Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктайм!
 
          Жеңиш күнү – бул биздин рухубуздун жана биримдигибиздин, эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөштөгү майтарылбас эркибиздин   символу.
 
         Улуу Ата-Мекендик согуштун бардык катышуучуларына жана ооруктагы эмгекчилерине алардын эрдиги жана күжүрмөн эмгеги үчүн терең таазим этебиз. Алар азыркы жана келечектеги муундарга каармандыктын жана атуулдуктун жаркын үлгүсү.
 
         Ар бир ардагерге, ар бир үй-бүлөгө чың ден-соолук, жашоодогу жана эмгектеги жаңы жеңиштерди, бакты-таалай, ачык асман, ынтымак жана бакубат турмуш каалаймын! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
 
 
 
Башчы                                                                     А. Алиев