ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаардык Кеңешинин кезексиз IV сессиясы ишин баштады

Шаардык парламенттин кезексиз сессиясында “Бишкек шаарын кургак таштандылардан тазалоо системасын өнүктүрүүгө гранттык жана кредиттик каражаттарды тартуу жөнүндө”  маселеси каралууда.
 
Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, жергиликтүү шарттарды жана эл аралык тажырыйбаларды эске алуу менен, шаарды кургак таштандылардан тазалоо системасын өнүктүрүү максатында Кыргызстандын борбор шаарында 22,0 млн. Евро өлчөмүндөгү каражатка иш-чараларды аткаруу сунушталууда.
 
Долбоор боюнча шаардын таштандыларды таштоо жайына сорттоочу эки линиянын жана таштандыларды механикалык биологиялык иштетүүдөн өткөрүүчү участоктун курулушу, рекультивация жүргүзүү, эл аралык ченемдерге жооп берүүчү жаңы санитардык полигон куруу сунушталууда.
Мындан тышкары, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ченемдик-укуктук базасын чыңдоо жана шаарды таштандылардан тазалоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иш-чаралар киргизилет.
 
Долбоордун негизги иш-чараларын 2013-2015-жылдары ишке ашыруу белгиленүүдө.
 
Долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттар ЕБРР тарабынан 50% кредит, 50% грант түрүндө берилет.
 
Кредит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 15 жылдык мөөнөткө берилет, анын ичинен 3 жылы жеңилдетилет.
 

Мындан тышкары, долбоорду ишке ашырууга техникалык жардам катары ЕБРР каражаттарынын эсебинен 1,4 млн. Евро кошумча бөлүнөт.