ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин жети көчөсүндө жолдорду оңдоо иштери аяктады

Шаардын жети көчөсүндө жол оюктарын бүтөө иштери аяктады. Алар: Токтогул, Шабдан Баатыр көчөсү боюнча жол өтмөсүнөн тартып Горький көчөсүнө чейин, Фучик, Ибраимов, Термечиков, Ж.Пудовкин жана Шабдан Баатыр көчөсү боюнча Уханбаева көчөсүнөн Түштүк Чүй каналына чейинки жолдор.
 
Оңдоо иштери шаардын он бир көчөсүндө башталып, ага 10 жумушчу бригадалары  тартылган. Бардыгы 6 800 чарчы метр аянтка 960 тонна асфальт бетон аралашмасы төшөлдү.
 

Учурда М.Ганди  көчөсү боюнча Жибек Жолу проспектинен Маевка айылына чейин (1 бригада иштөөдө), Щербакова көчөсү боюнча М.Ганди көчөсүнөн Бакинский көчөсүнө чейин (3 бригада), Совет көчөсү боюнча Токомбаев көчөсүнөн Аульская көчөсүнө чейин (1 бригада), Жибек Жолу проспекти боюнча Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин ( 2 бригада), Тоголок Молдо көчөсү боюнча Жибек Жолу проспектине, Саадаев көчөсүнө чейин (2 бригада), Саадаев көчөсү боюнча Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин (1 бригада иштөөдө)  жол оюктарын бүтөө иштери кызуу жүрүп жатат.