ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жаш Гвардия жана Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан Баатыр комсомолдор эстелиги жаңыланып, калыбына келтирилгенден кийин ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн, 6-майда Жаш Гвардия жана Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан Баатыр комсомолдор эстелиги жаңыланып, калыбына келтирилгенден кийин  ачылыш аземи өткөрүлдү.
 
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов, Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери жана мектеп окуучулары катышты.
 
“Шаарыбызда мэриянын балансында турган эстеликтер көп, аларды тазалоо, көрктөндүрүү иштери баш калаа муниципалитетине жүктөлгөн. Тилекке каршы, учурда эстеликтерди бүлүндүрүү фактылары көп катталып келет. Мисалы, Талгат Бегельдиновдун эстелигинин коло тактайчасы уурдалып кеткен”- деп белгиледи шаар башчысы жана шаардыктарды эстеликтерге аяр мамиле кылууга чакырды.
 
Жаш Гвардия бульварында орундуктар, тышкы жарыктандыруу жаңыланып оңдолот жана акысыз Wi-Fi аймагы ачыларын кошумчалады И.Өмүркулов.
 
Иш-чаранын соңунда Баатыр комсомолдор эстелигине гүл чамбарларды коюу аземи болду.
 
Кошумча маалымат:
 
20-40-жылдардын Баатыр комсомолдоруна арналган эстелик 1963-жылы коюлган. Бүгүнкү иш-чара 20-40-жылдардагы Баатыр-комсомолдордун эстелигинин ачылышынын 50 жылдыгына карата өткөрүлдү.
 
9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата, Ленин райондук администрациясынын демилгеси менен эстелик жаңыланып, калыбына келтирилди.
 
Эстеликти калыбына келтирип, жаңылоо жана айланасын курчоо иштери апрель айынын ичинде жүргүзүлдү.
 
Эстеликти жаңылап,калыбына келтирүү иштерине Бишкек шаардык Кеңешинин айрым депутаттары, жеке ишкерлер жана Ленин районунун мекеме-уюмдары активдүү катышты.