Бишкек шаарынын дарыгерлери шаардын айымдарын акысыз медициналык кароолорго чакырат
- Подробности
- Опубликовано 03.05.2013 10:34
Үстүбүздөгү жылдын 6-майынан 25-майына чейин Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаменти аялдарды акысыз медициналык кароолордон өткөрөт. Медициналык кароолор саат 8-00дон 18-00го чейин шаардын үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.
Мындай акция 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев жарыялаган “Энелер күнүнүн” алкагында өткөрүлөт.
Медициналык-профилактикалык текшерүүлөр, кеңеш берүүлөр шаардын бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, тиешелүү адистер аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми, үйдөн чыга албаган, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарды үйлөрүнөн кароо белгиленген. Медициналык кароолордон дарегине, каттоосуна карабай шаардын бардык айымдары өтө алышат.
Иш-чаранын максаты болуп, аялдар арасында оруулардын алдын алуу, аныктоо, дарылоо, таза саламатчылыкта болуу жолдорун үгүттөө жана аялзатына камкордук менен мамиле кылуу салттарын улантуу эсептелет.
Тактама ирээтинде:
2012-жылы “Энелер күнүнүн” алкагында Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борболору тарабынан 11 500 аял, алардын ичинен 7850 аял төрөт курагындагылар, 500 өспүрүрм-кыздар, 1860 аял элүү жаштан жогоркулар, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 880 аял медициналык кароолордон өткөрүлдү жана 650 аял үйлөрүнөн жардам алышты.
Медициналык кароолордун жүрүшүндө 3600 аялдын дарттары аныкталган.УЗИден 2030 аял текшерүүдөн өткөрүлүп, 1 000ден ашуун лабораториялык анализдер алынган, 3 000ден ашуун аял рак клеткаларына текшерүүдөн өткөрүлгөн. Мындан тышкары ЭКГ, флюрография, рентгенография текшерүүлөрү жүргүзүлгөн. 3 500дөн ашуун аял терапевт, невропотолог, окулист, стоматолог, хирург, отоларинголог адистеринин кароосунан өтүшкөн.
43 санитардык бюллетень чыгарылган жана 3 000ден ашуун кеңештер берилген.
Бул багытта кошумча маалыматтарды Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментинен (0312) 31-29-17 телефону боюнча алууга болот.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |