3-майда Дайыр Аснов атындагы “Жеңиш” паркында Улуу-Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган райондук иш-чаралар өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 02.05.2013 10:52
3-майда саат 9-00до Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган Октябрь райондук администрациясы уюштурган иш-чараларөткөрүлөт.
Октябрь районунун аймагында 122 согуштун катышуучулары, 25 согуштун майыптары, 412 тыл эмгекчилери, 7 концлагер туткундары, 6 Ленинград блокадачылары, 1 аскер эмгекчиси, жоокерлер курман болгон 3 үй-бүлө жана майданда курман болгон жоокерлердин 340 жесирлери жашашат.
Иш-чарага чакырылгандар үчүн концерттик программа тартууланат, аскер ашканасынын тамагы жана салтка айланган майдандык 100 грамм берилет.
Улуу Ата-Мекендик Согуштун катышуучуларына жана согуш жылдарындагы тыл эмгекчилерине материалдык жардамдар берилет.
Иш-чараларды өткөрүү үчүн Октябрь районунун бюджетинен 1,5 млн сом бөлүнгөн.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |