ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн баш калаада “Тынчтык – 2013” вело жана жеңил атлетикалык жарыштар өткөрүлдү

Бишкектиктер Биринч Май эмгекчилердин Эл аралык тилектештигинин күнүн “Спорттук шаар – ден-соолугу чың шаардыктар” деген ураан менен белгилешти. Бул күнү эртелеп шаар мэриясынын демилгеси менен веложарыш уюштурулду. Иш-чарага ар кыл жаш курактагы 400гө жакын велосипедчилер катышты. Катышуучулардын эң кенжеси 2,5 жашта, ал эми эң улуусу 60 жашта экен. Жарышчылар тобун шаар башчысы Иса Өмүркулов баштады.
 
Шаар башчысы бардык катышуучуларды 1-Май майрамы менен кызуу куттуктап, мындан ары да мындай иш-чараларды салтка айланта улантабыз, анткени спорт - биринчи кезекте, калкыбыздын таза саламатчылыгы, элибизди ынтымакка жана биримдикке чакыруучу курал деди.
 
Велесипедчилер тобу мамлекеттик резиденциядан баштап, борбордук “Ала-Тоо” аянтына чейин жүрүштү. Ал эми, баш калаанын борбодук аянтында, Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин уюштуруусу менен жеңил атлетикалык жарыш башталды. Катышуучулар жаш курагына ылайык командаларга бөлүнүштү. Мелдешке жалпысынан 9 команда катышты.
 

Мелдештин жыйынтыгы боюнча катышуучулар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.