ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык мэриясында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарга берилчи тамактын сапатын жакшыртуу маселеси каралды

Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунованын алып баруусунда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, Социалдык тамактандыруу департаментинин кызматкерлеринин жана азык-түлүк менен жабдуучулардын катышуусунда кеңейтилген кеңешме өттү.

 

Кеңешмеде сапаттуу азык-түлүктөр менен камсыздоо жана балдарга берилчи тамак-аштын сапатын жакшыртуу маселелери талкууга алынды, ошондой эле азык-түлүк менен камсыздоо боюнча мобилдик топтордун аткарган иштери, балдардын тамактануусун уюштуруу маселелери угулду.
 
Бишкек шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде социалдык сектордо тамактанууну жакшыртуу жолдорун изилдөө боюнча жумушчу комиссия түзүлдү.
 
Мындан ары жумушчу комиссиянын жана билим берүү мекемелеринин жетекчилигинин сунуштары иликтөөлөргө алынып турмакчы жана бул багытта тиешелүү түзүмдөрдүн иштерин өз ара биргелештирип, жакшыртуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлмөкчү.