ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

4-майда Бишкекте Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган аскер ырынын кароо-сынагы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 4-майында шаардык №99-кесиптик лицейде “Жаш муун Силерди эстен чыгарбайт” аттуу ураан менен Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган аскер ырынын кароо-сынагы өткөрүлөт. Бул жөнүндө маалыматты Бишкек шаарынын мэриясы билдирет.
 

Иш-чарага: Улуу Ата-Мекендик Согуштун, Афган согушунун ардагерлери, Баткен коогалаңынын катышуучулары, Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Улуттук гвардиянын, Чүй облусунун Чегара отрядынын өздүк курамдары катышат.