ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада фонтан комплекстери иштей баштады

Бишкекте 29-апрелден тартып фонтан комплекстери иштей баштады. Бул жөнүндө “Бишкексууканал” ишканасы маалымдады.

 

“Бишкексууканал” ишканасынын маалыматында, бардык оңдоо жана профилактикалык иштер аяктагандан кийин, фонтан комплекстери Бишкек шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, график боюнча иштей баштары билдирилет.
 
Фонтан комплекстерин ишке даярдоо, оңдоо жана профилактикалык жумуштардын жүрүшүндө алардын айланасын тазалоо, түтүктөрдү сырдоо, төшөлгөлөрдү алмаштыруу жана тиешелүү жабдууларды оңдоодон өткөрүү иштери жүргүзүлдү.
 
Бишкек шаары боюнча бардыгы 32 фонтан комплекси бар, алардын 17си “Бишкексууканал” ишканасынын балансында турат.
 
Фонтан комплекстери, аба-ырайына жараша үстүбүздөгү жылдын күз айларына чейин иштейт.
 
2012-жылы, баш калаада фонтан комплекстери өз ишин 27-апрелде баштап, 1-ноябрда аяктагандыгы эске салынат.