Баш калаада таэквон-до (WTF) боюнча мектеп окуучуларынын Спартакиадасы аяктады
- Подробности
- Опубликовано 29.04.2013 14:50
28-апрелде шаардык №62-гимназияда таэквон-до (WTF) боюнча мектеп окуучуларынын Спатртакиадасынын финалы болуп өттү. Мелдешке шаардын 15 мектебинен 18 жашка чейинки 50 балбан катышты. Алар 10 салмактык категорияда күч сынашты.
39 кг салмакта – Таиров Дастан (№42-ОМ),
42 кг салмакта – Дикамбаев Бектур (УКГ “Эврика”),
45 кг салмакта – Таджибаев Азизжан (УВК №38),
48 кг салмакта – Курманкулов Медербек (№91-ОМ),
51 кг салмакта Тюленев Владимир (УВК №62),
55 кг салмакта – Джумалиев Нурлан (№56-ОМ),
59 кг салмакта - Пак Роберт (УВК “Ревал”),
63 кг салмакта - Салибай у Айтамга (№73-ОМ),
68 кг салмакта - Мун Тимур (№27-ОМ),
73 кг салмакта - Айтахунов Акбар (№65 МГ) мелдештин жеңүүчүлөрү болуп калышты.
Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасынын машыктыруучусу Убайдуло Токторбаевдин айтуусунда, Спартакиаданын жеңүүчүлөрү Бишкек шаарынын курама командасына киришет жана республикалык мелдештерде шаардын намысын коргошот.
Мелдештин жеңүүчүлөрү Бишкек шаарынын дене-тарбия жана спорт комитетинин медаль, диплом жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |