ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери “Таш-Темир” ЖЧК тарабынан санитардык ченемдердин жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузууларын аныкташты

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери кезектеги рейддин жүрүшүндө “Таш-Темир” ЖЧК айланасында санитардык ченемдердин жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузууларын аныкташты.
 
Кургак таштандылар баш аламандыкта жыйналып, аларды өрттөө Кулатов көчөсүндө жүргүзүлөт.
 

Таш-Темир ЖЧК башкы директорунун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, чара колдонуу максатында Октябрь райондук административдик комиссиясына жиберилди.