ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасындагы Израиль мамлекетинин Толук Ыйгарымдуу Элчиси Тасман Элияу менен жолугушту

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасындагы Израиль мамлекетинин Толук Ыйгарымдуу Элчиси Тасман Элияу менен жолугушту.

 
Жолугушууда Иса Өмүркулов элчини жаңы кызмат орду менен куттуктап, ийгиликтерди каалады жана баш калаанын мэриясы мурдагы элчи Исраэль Ней Ами менен кызматташып, мындан ары да көп тармактуу кызматташууга даярдыгын билдирди.  
 
Өз кезегинде элчи мырза израилдик инвесторлорду Кыргызстанга тартуу боюнча иш жүргүзөөрүн билдирди.
 
2013-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы Бириккен Араб Эмираттарынын Элчиси Мохаммед Хареб Аль-Мехайрибинин жана Израиль Мамлекетинин Элчиси Тасман Элияунун Ишеним Грамоталарын кабыл алды.