ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санитардык абалды текшерүү боюнча рейддин жүрүшүндө шаарды көрктөндүрүү эрежерин бузуулар аныкталды

Санитардык абалды текшерүү боюнча кезектеги рейддин жүрүшүндө СЭИ кызматкерлери тарабынан №№ 163, 175, 152-кичи автобустардын акыркы аялдамасында жана 10-кичи районун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан ашкананын айланасында санитардык ченемдердин, шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды. Аталган жерде таштандылар баш аламандыкта жыйналат.

 

Рейддин жыйынтыгы боюнча кичи автобустар таандык болгон жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директорунун, ашкананын ээсинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 488-беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, чара колдонуу үчүн Октябрь райондук админстративдик комиссиясына жиберилди.