ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үстүбүздөгү жылдын 1-майында баш калаанын “Ала-Тоо” аянтында “Иштерман” жылына арналган “Тынчтык-2013” жеңил атлетикалык жана веложарыш өткөрүлөт

Жеңил атлетикалык мелдештерге шаардык мектептердин, кесиптик лицейлердин окуучулары, ЖОЖ студенттери, Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрациялардын кызматкерлери, спорт ардагерлери, чуркоону сүйүүчүлөр, балдар катышат.

 

Жеңил атлетика боюнча мелдештер “Ала-Тоо” аянтында саат 10-00до башталат. Катышуу үчүн өтүнмөлөр “Ала-Тоо” аянтында саат 8-30дан баштап кабыл алынат.
 
Ал эми веложарыш саат 9-40 ЭЧЖК (ВДНХ Тынчтык проспекти) башталып, “Ала-Тоо” аянтында маарага келет. Катышуучулар ЭЧЖК саат 8-00 чогулуп, каттоодон өткөрүлөт.
 
Мелдештин жеңүүчүлөрү Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин медалдары, дипломдору жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.