ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Юрий Краковецкий дзю-до боюнча Азия чемпионатынын күмүш байгесин жеңип алды

Дзю-до боюнча Таиландда өткөн Азия чемпионатында мекендешибиз Юрий Краковецкий 100 кг салмактык категорияда экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.

 

Алтын медаль үчүн Ю.Краковецкий япондук балбан Фуджи Гаку менен күч сынашты. Пакистандык Зунаира Бин Захира менен болгон  биринчи кармашта мекендешибиз таза жеңишке жетише алды. Ал эми экинчи айлампада, кытайлык Юнтау Вангды, жарым финалда монгол балбаны Батсуури Намсыраижаваны багындырды.
 
Юрий Краковецкийдин биринчи машыктыруучусу Олимпиада резервдеринин балдар-өспүрүмдөр мектебинин дзю-до боюнча машыктыруучусу Анвар Жураев.