ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгына жаңы троллейбустартар алынып келинди

Бүгүн Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгына Россияда даярдалган 29 жаңы троллейбус келип түштү жана бет ачар аземи өткөрүлдү. Алардын 22си ЗИУ-682г-016 үлгүсүндөгү ак көгүш түстөгү, ал эми 7сү 5298-01 “Авангард” үлгүсүндөгү жашыл түстөгү троллейбустар.
 
Бул троллейбустар ЕБРРден алынган  10,1 млн. доллар өлчөмүндөгү насыяга (кредит), ошондой эле 5,5 млн. доллар өлчөмүндөгү грантка алынды.
Жалпысынан 79 троллейбус сатып алуу белгиленген. Алардын 34ү ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкталып даярдалган. Мындай троллейбустардын артыкчылыгы болуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдардын коляскалары үчүн атайын пандустардын орнотулгандыгы саналат. Ал эми 45 троллейбус кадимки үлгүдө даярдалган.
 
Мындан тышкары, Бишкек троллейбус башкармалыгы “Жал” кичи районунан  “Тунгуч” кичи районуна каттаган №7-маршрутту,  цирктен “Ак-Өргө”конушуна каттаган №16-маршрутту жаңылоону белгилөөдө.
 
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө баш калаанын мэри И.Өмүркулов жаңы троллейбус менен троллейбус депосунан шаар мэриясына чейин жол жүрдү.

“Шаарыбызга жаңы троллейбустарды сатып алууну мындан ары да улантышыбыз зарыл, анткени алар пайдаланууда экологиялык жактан таза. Бүгүнкү күнү шаар тургундарын коомдук транспорт менен тейлөөнү камсыз кылуу 75% түзөт”,-деди шаар башчысы.