Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде мамлекеттик тилди окутуу курсу ишин баштады

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде орус тилдүү кызматкерлерди мамлекеттик тилге окутуу курсу өз ишин баштады.
 
Малекеттик тилди окутуу курсу Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114-токтомуна ылайык уюштурулуп, ишин алып барууда.
 

Баштапкы даярдоо курсу 32 саатты түзөт. Сабактарды мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жоопту кызматкер Н.Жансариева жүргүзүүдө.