ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 27 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт

24-апрелде саат 11-00до №60-орто мектепте Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 27 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.
 
Үстүбүздөгү жылы Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн райондук бюджеттен 232,0 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
 
Октябрь районунда Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан 84 адам жашайт, алардын 12си каза болгон адамдардын жесирлери, 63ү 2-3-топтогу майыптар, 9 адам кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандар. Алардын бардыгына материалдык колдоолор көрсөтүлөт.
 

Бул күнү чакырылгандар жана катышуучулар үчүн Октябрь райондук чыгармачылык жамааттардын күчү менен даярдалган концерт берилет.