ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мыйзамсыз курулган тосмолор бузулат

Бишкек шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы №613-б “Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында Жеке турак-жай департаменти тарабынан “Рухий-Мурас” конушундагы Б.Абдиевге таандык №807-жер тилкесине ашыкча жер аянты кошулгандыгы аныкталган.
 
Аталган жер тилкесинин ээси ашыкча жер аянтын мыйзамсыз түрдө курчап алган. Б.Абдиевге 2013-жылдын 2-апрелинде №000378 “Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө” жазуу жүзүндө  административдик буйрук берилди. Бишкек шаарынын Жеке турак-жай департаменти тарабынан 20,8 чарчы метр өлчөмүндөгү курулган тосмо бузулуп салынды.
 
Ушундай эле иш-чаралар № 809-жер тилкесинин ээси А.Тилековго карата колдонулуп, мыйзамсыз курулган 21,6 чарчы метр өлчөмүндөгү тосмо, № 808-жер тилкесинин ээси Э.Чынболботова мыйзамсыз курган 21,6 чарчы метр өлчөмүндөгү тосмо бузулуп салынгандыгын департаменттен маалымдашты.