ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Ден-соолук” комплексинин алкагындагы спорттун түрлөрү боюнча Мэрдин кубогуна мелдештер башталды

Бишкек шаарынын №19-мектебинде “Ден-соолук” комплексинин алкагындагы спорттун түрлөрү боюнча Бишкек шаарынын мэринин кубогуна мелдештер башталды.

 

Мелдешке Биринчи Май районунун 20 мектебинен 400 окуучу катышмакчы. Мектеп окуучулары жүгүрүү, сууда сүзүү, мылтык атууда күч сынашат. Бул жөнүндө Биринчи Май райондук спорт комитетинин төрагасы Э.Рыскулов билдирди.
 
Бүгүн мелдештин райондук этабы башталды, мелдеште жеңишке жетишкен спортчулар райондун намысын шаардык мелдештерде коргошот. Мелдештер 30-апрелеге чейин уланат.