ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“24.kg” маалымат агенттигинде берилген И.Марченконун “Памятная прогулка” макаласы боюнча тактоолор

“24.kg” маалымат агенттигинде берилген И.Марченконун макаласы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясы төмөнкүлөрдү билдирет, шаардык “Боордоштор көрстөнүндө” жыл сайын Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери үчүн эле эмес, бардык шаардыктар үчүн эскерүү митингдери өткөрүлүп турат. Анткени, Улуу Жеңиш күнү бардык кыргызстандыктар үчүн эң кымбат майрамдардын бири.

 

Жеңиш майрамына карата гана эмес, катардагы күндөрү да “Боордоштор көрстөнүнө” жакын жайгашкан Бишкек шаарынын №15- жана №49-мектептеринин окуучулары ал жерди тазалап, ыраатка келтирүү иштерин жүргүзүп турушат жана өткөрүлгөн эскерүү митингдерине активдүү катышышат.
 
Россиянын, Украинанын, Белорусиянын жана Казахстандын Кыргыз Республикасындагы элчиликтери менен тыгыз байланыштар түзүлгөн жана алардын өкүлдөрү да “Боордоштор көрүстөнүндө” өткөрүлгөн иш-чараларга такай катышып турушат.
 
Жыл сайын кышкы сууктардан кийин, аба-ырайынын жылышы менен Улуу Жеңиш күнүнө карата Биринчи Май райондук администрациясы “Боордоштор көрүстөнүндө” тазалоо жана оңдоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турат.
 
Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына арналган эскерүү митинги өткөрүлөт жана ага согуштун ардагерлери, тыл эмгекчилери, Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле бардык шаар тургундары чакырылмакчы.