ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте диний экстремизмдин алдын алуу жана этностор аралык жаңжалдарга жол бербөө боюнча тегерек стол болуп өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан №4-кесиптик лицейде “Диний экстремизмдин алдын алуу жана этностор аралык жаңжалдарга жол бербөө”деген темада тегерек стол өткөрүлдү.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Бишкек шаары боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын, Бишкек шаарынын ИИББнын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстан элинин ассамблеясынын жана КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышты.           

                                                                  

Тегерек столдун катышуучулары билим берүү мекемелеринде диний билим берүү  жана экстремизмдин жаштарга тийгизген таасири жөнүндөгү маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары, этностор аралык жаңжалдарга жол бербөө жана аларды тынчтык жолу менен чечүү жөнүндө кеңири сөз козголду. Иш-чаранын аягында шаардык кесиптик лицейлерде диний билим берүү боюнча факультативдик сааттарды киргизүү жөнүндө резолюция кабыл алынды. Ошондой эле, экстремизмдин алдын алуу жана этностор аралык жаңжалдарга жол бербөө боюнча профилактикалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турмакчы.