ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Эмгекчи” жылына арналган жеңил атлетикалык эстафета өткөрүлдү

19-апрелде Каражыгач багында жеңил атлетикалык эстафета жана массалык жүгүрүүлөр өткөрүлдү.

 
Иш-чарага Свердлов райондук ишканалардын, курулуш компанияларынын, фирмалардын эмгек жамааттары, райондук администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, салык кызматынын, социалдык фонддун кызматкерлери, ошондой эле мектептердин, ЖОЖ, ООЖдордун жамааттары катышты.
Катышуучулардын жалпы саны 500дөн ашык адам болду.
 
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басарлары В.Красильников, Ч.Борбашева, шаардык спорткомитеттин төрагасынын орунбасары К.Шерматов катышты.
 
Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чара “Эмгекчи” жылына арналган иш-чаралардын алгачкысы жана максаты райондо дене-тарбия кыймылын активдештирүү, эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо.