ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Апрель айында 15 кичи автобус маршруттардан четтетилди

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын техникалык, санитардык абалын жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын текшерүү жүргүзүлүп турат.

 
16-апрелден 18-апрелге чейинки мезгилде техникалык талаптарга жооп бербегендиги үчүн 15 кичи автобус шаардык маршруттардан четтетилди. Учурда техникалык талаптарга жооп бербеген кичи автобустарды иштен четтетүү иштери күчөтүлүүдө.
 
Жогоруда аталган мезгилде, “Акжолтой” ЖЧКнун №114, 147, 101, 107, 113, “Ника Плюс” ЖЧКнун №225, “Куюн” ЖЧКнун №264, “Аргымак ЖЧКнун №270, “Жазада Транс” ЖЧКнун №206, “Стелс” ЖЧКнун №108, “Байзак Аска” ЖЧКнун №258-кичи автобустары иштен четтетилди.