ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Саниатрдык абалды текшерүү боюнча кезектеги рейддин жүрүршүндө “7 күн” супермаркети жана”Эмир” кафеси тарабынан шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулуп жаткандыгы аныкталды

Свердлов районунун аймагында кезектеги текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда, “7 күн” (Чүй просп. 36/1) дүкөнүнүн кызматкерлери тарабынан шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулуп жаткандыгы аныкталды.

 

Дүкөндүн кызматкерлери таштандыларды баш аламандыкта дүкөндүн айланасына таштай беришет.
 
Ошондой эле, “Эмир” кафеси (Айтматов – Мамбетов көч.кесилиши) таштандылары, мештен чыккан күлдү Аламүдүн суусунун агымына ташташып келген.
 
Сэи кызматкерлери тарабынан “7 күн” супермаркети жана”Эмир” кафесинин ээлерине протокол түзүлүп, тиешелүү чараларды колдонуу үчүн райондук административдик комиссияга жиберилди.