ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитет тарабынан “ Тарыхий жана архитектуралык эстеликтерди, имараттарды калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу” жөнүндө ченемдик документ даярдалат

Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэри Айгүл Усубакунова тарыхий жана архитектуралык эстеликтерди, имараттарды калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Мындай эстеликтердин катарына шаардын тунгуч старостасы И.Терентьевдин жашаган үйү кирет.

 

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Улуттук маданият борборунун архитекторлору, долбоорлоо илим изилдөө институтунун, Бишкек башкы архитектуранын жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери катышты.
 
Кеңешмеде тарыхий жана архитектуралык эстеликтердин, имараттардын катарына кирген И.Терентьевдин жашаган үйүн калыбына келтирүү боюнча ченемдик документти даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
 
Кошумча маалымат: шаардын биринчи старостасы И.Трентьев жашаган үй Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансында турат. Бардык тарыхий жана архитектуралык эстеликтер Кыргыз Республикасынын “Тарыхий-маданий баалуулуктарды пайдалануу жана коргоо жөнүндө” мыйзамы менен корголот.