ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузган айнек жана пластикалык идиштерди кабыл алуу пунктун аныкташты

2013-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери тарабынан Свердлов району боюнча санитардык абалды текшерүү жүргүзүлдү.

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө Гоголь көчөсүндө (№3-үй) жайгашкан пластикалык бөтөлкөлөрдү жана айнек идиштерди кабыл алуучу пунктта шаарды көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди одоно бузууга жол берилип жаткандыгы аныкталды. Иш жүргүзүү үчүн тиешелүү документтер жок, санитардык ченемдер сакталбайт, пункттун айланасында идиштер салынган каптар баш аламандыкта жыйылган.
 
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ижарачынын атына протокол толтурулуп Свердлов райондук административдик комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү.