ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы балдарга атайын билим берүү мекемелерине туура эмес кабыл алынган балдарды кайра кайтаруу иштерин баштады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жумушчу тобу Бишкек шаарынын атайын билим берүү мекемелерине ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кабыл алынышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүздү. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы билдирди.

 

2013-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында атайын билим берүү мекемелерине ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алуунун эрежелерин бузууларга жол берилген фактылар катталгандыгы жөнүндө маселе каралган.
 
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 7 атайын билим берүү мекемелерине балдар туура эмес диагноз менен кабыл алынган, же болбосо ден-соолуктарынын абалы аталган мекемелердин багытына туура келбестиги аныкталды.
 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясы тарабынан атайын билим берүү мекемелеринин жетекчилерине туура эмес кабыл алынган балдардын тизмесин бул багыттагы атайын комиссияга берүү жана кайрадан текшерүүдөн өткөрүү чечимин кабыл алды.
 
Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан туура эмес кабыл алынган балдарды аталган мекемелерден кайра кайтаруу жана аларды жашаган дареги боюнча жалпы билим берүү мекемелерине орноштуруу иштери башталды.