ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде 142-орунду ээлейт

 

 

Апрель айындагы ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 142-орунду ээлейт. 201-орундан 59 орунга көтөрүлүү менен Кыргызстан апрель айында жогору карай күчтүү кадам жасады.

 

Кыргзстан курама командасынын ийгиликтери АФКнын чакыруу Кубогунун тандоо оюндарында Макао, Пакистан жана Тажикстан курама командаларын утууга жетишкендиги менен байланыштуу.
 
Рейтингде Кыргызстандан артта калган командалардын арасында 144-орундагы коңшу Казакстандын командасы да бар.
 
Буга чейин ФИФАнын рейтингиндеги Кыргызстан курама командасынын эң жогорку оруну 2006-жылдын август айындагы 119-орун болгон.
 
Рейтингдин лидерлери болуп биринчи орундагы Испания, экинчи орундагы Германия, үчүнчү орундагы Аргентина курама командалары саналышат.