ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

16-апрелде Бишкекте бош кызмат орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен касыз кылуу министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы Биринчи май райондук администрациясынын колдоосу менен 2013-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын №5-кесиптик лицейинде бош кызмат орундарынын жана кесиптердин жарманкесин өткөрөт.

 

Жарманкеде иш издөөчүлөргө борборубуздун алдыңкы мекеме-уюмдары сунушталат жана талапкерлер иш берүүчүлөр менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
 
Жарманкеде 3 500 дөн ашык бош кызмат орундары,  Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен касыз кылуу министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан шаардыктар үчүн кызматтардын көлөмдүү тизмеси сунушталат.
 
Ошону менен бирге жарманкеге шаардык кесиптик лицейлер катышат. Ал жерден кесиптик лицейлер жөнүндө маалыматтарды алып жана чеберлердин колунан жасалган буюмдардын көргөзмөсү менен таанышууга болот.
 
Кесипке ээ болууну каалаган бош жарандар үчүн 50 гө жакын кесиптерге окутуу, ошондой эле кесипти жана атайын билимди талап кылбаган акы төлөнүүчү убактылуу коомдук иштер сунушталат. Аталган иш-чарага ылайыктуу ишке же кесипке ээ болууну каалаган жарандар катыша алышат.
 
Бош кызмат орундарынын жана кесиптердин жарманкеси Бишкек шаарынын №5-кесиптик лицейинде саат 10-00 до башталат (№5-кесиптик лицей Байтик Баатыр көчөсү, 122, Кулатов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан).