ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте сугат тармактарын (арыктарды) тазалоо иштери улантылууда

Бишкек шаарынын “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы шаарда сугат арыктарын тазалоо иштери улантылып жаткандыгын маалымдайт. Шаар ичиндеги сугат арыктарынын 70% таштандылардан тазаланды, бул 285 км. түзөт. Бишкектеги бардык сугат арыктарынын жалпы узундугу 408,9 км., сугат суу түтүктөрү 64,5 км., магистралдык каналдар 42,5 км. жана коллектордук-дренаждык тармактар 42,5 км. түзөт.

 

Маалыматта борборубуздун “Жеңиш” паркында көчөттөрдү сугаруу иштери башталганы белгиленет. Аталган паркка суу Ала-Арча суусунан алынат.
 
Аба ырайынын шарттарына ылайык сугат мезгилин май айынын аягында же июнь айынын башында баштоо белгиленүүдө. Жалпысынан сугат мезгили 6 айга созулмакчы.
 
Жыл сайын сугат суулары төмөнкү булактардан алынат:
 
-         Аламүдүн суусунан – 900 л/с
-         ЧЧЧК – 1200 л/с
-         Ала-Арча суусунан – 700 л/с
 
Сугат мезгилинде күн сайын алынуучу суунун көлөмү орто эсеп менен 2800 л/с түзөт жана абанын температурасынын максималдуу көтөрүлүшүнө байланыштуу секундасына 3500 литрге чейин көбөйтүлөт.
 
Сугат тармактарын тазалоо иштери 2013-жылдын 13-февралынан баштап жүргүзүлө баштады.