ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында CЭИ кызматкерлери тарабынан 1640 чарбалык субъектлер текшерүүдөн өткөрүлдү

 

Шаарды кургак таштандылардан тазалоо боюнча иш жүргүзүүдө санитардык-экологиялык ченемдердин сакталышын камсыз кылуу максатында 2013-жылдын биринчи кварталында СЭИ кызматкерлери тарабынан 1640 чарбалык субъектлер текшерүүдөн өткөрүлүп, 1227 жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр берилди, анын ичинен: 431 эскертүү кургак таштандыларды чыгарууга келишимдерди түзүү боюнча, 37 эскертүү баш аламан жыйналган таштандыларды тазалоо боюнча, 757 эскертүү көрктөндүрүү боюнча толтурулду.

 

 

СЭИ кызматкерлери “Тазалык” муниципалдык мекемеси тарабынан контейнердик аянтчалардан кургак таштандылардын сапаттуу чыгарылышына жана таштандыларды чыгаруу графигинин так сакталышына көзөмөл жүргүзүү максатында рейддерди уюштуруп турушат.
 
Ошондой эле СЭИ кызматкерлеринин аракеттеринин натыйжасында кургак таштандыларды чыгарууга жалпы суммасы 9174,7 миң сомго, анын ичинде жаңы чарбалык  субъектлер менен 689,5 миң сомго келишимдер түзүлдү.
 
2013-жылдын биринчи кварталында Бишкек шаарын көрктөндүрүүнүн эрежелерин катталган бузуулар боюнча 418 протокол түзүлдү, 216 материал каралып чыгып, райондук административдик комиссиялар тарабынан эреже бузгандарга жалпы суммасы 228,3 миң сом өлчөмүндөгү айыптар тартылды.