ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн баш калаабызда учкуч Талгат Бегельдиновдун мемориалдык тактасы ачылды

Бүгүн борборубуздун Москва көчөсүндө Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, учкуч Талгат Якубович Бегельдиновдун мемориалдык тактасы ачылды. Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын алкагында авиациянын генерал-майору, учкуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатырынын атын түбөлүккө калтыруу максатында салтанаттуу митинг болуп өттү. Бул унутулгус белги Москва көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде орнотулду.   
                                                                    
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы А.Өмүрбекова, республикалык ардагерлер Кеңешинин төрагасы Т.Токомбаев, Ленин райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы В.Касатых, Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери жана Талгат Бегельдиновдун жакындары катышты.
 
Кошумча маалыматтар:
Талгат Бегельдинов азыркы учурда Алма-Ата шаарында жашайт. Улуу Ата-Мекендик Согушка 19 жашында чакырылган. Согушта чабуул коюучу учактарда учуп, биринчилерден болуп душмандын учактарын атып жок кылууга жетишкен.                                 
1943-жылдан баштап 1-Украина фронтунда кызмат өтөп, Польша, Венгрия, Австрияда согушуп, Берлин операциясына катышкан.  
Согушта көрсөткөн эрдиги жана чеберчиликтери үчүн өкмөттүк эң жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон.                                 
1944-жылдын 26-октябрында Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон. Ал эми экинчи жолу баатырдын “Алтын медалына” 1945-жылдын 27-июнунда татыктуу болгон. Ошондой эле 1945-жылдын 24-июнундагы Жеңиш Парадынын катышуучусу.       
Согуш жылдарында 305 жолу согушутук учууларды жасап, душмандын 7 учагын, 21 танкын, 29 артиллериялык каражатын, 64 жүк ташуучу автоунаасын, 3 ок-даары сакталуучу кампасын, 7 вагонун, жана башка каражаттарын жана аскерлерин жок кылган.
Согуш аяктагандан кийин, 1950-жылы Талгат Бегельдинов Аскер-аба академиясын, 1968-жылы Москвадагы курулуш-инженердик жогорку окуу жайын аяктаган. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССР Жогорку Советинин 2-3 жана 12-чакырылыштарынын депутаты. Азыркы мезгилде Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлерине жана жетим балдарга колдоо көрсөтүүчү Эл аралык кайрымдуулук фондунун президенти. Согуш жылдарында эки жолу Советтер Союзунун Баатыры наамына жана башка сыйлыктарга татыктуу болуп, учурда жашап жаткан баатырлардын акыркыларынын бири.